УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду

Анын ЖК депутаты болуп турган учурда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен туугандык байланыштарын колдонуп мамлекеттик башкарууга активдүү катышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге мыйзамсыз байыды деп иш козгоду. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.
Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү
Муну менен катар ал жеке менчик структуралардын кызыкчылыгын коргогону айтылды. УКМК тергөөгө юридикалык баа берүү үчүн эл өкүлүнүн бардык мүлк жана каржы активдери аныкталып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.