Эртең мененкисин туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керек

Адис салмак таштайм дегендерге да кеңеш берип, аларды калориялуу тамактарды такыр эле жебей койбошу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Диетолог Рейчел Пол эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып бергенин Р-Спорт жазды.
Адистин айтымында, эртең мененки тамакта колдон келсе белокко жана майга бай жумуртка, авокадо, Омега-3 май кислотасына бай лосось болушу керек.
40тан ашкан аялдар кантип арыктаса болот? Диетологдун кеңеши
Ал эми түштөнүү менен кечки тамактын жарымы жашылча менен көк чөптөн турушу зарыл. Шам-шум эте калганда жаңгак, семичке чагып, быштак же грек йогуртун жесе болот.
Диетолог кошумчалагандай, арыктайм дегендер калориялуу тамактардын бардыгынан баш тартып, кээ бир тамактарды такыр жебей койбошу керек. Мындай ыкма психологиялык көйгөйлөргө алып келип, адамды кайра толдуртат. Ошондуктан салмак таштоонун башында калорияны аз-аздап кыскартуу керек.