Коргоо министри Өмүралиев Шойгу менен жолугуп, эки маанилүү документке кол койду

Коргоо ведомстволорунун башчылары аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөнүн коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россиянын коргоо министри, генерал Сергей Шойгу менен кезикти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кечээ өлкө президенти жана КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында жолугушкан.
1 / 2
Өлкөнүн коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россиянын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу менен кезикти
2 / 2
Министрлер кечээ өлкө президенти жана КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында жолугушушкан
Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи сапарынын жыйынтыгы. Сереп
Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшкан.