БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан.
"Володин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, анын ичинде эки өлкө парламенттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирди. Вячеслав Володин Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш болгондуктан диалогду парламенттер аралык платформаларда гана эмес, эки парламенттин тармактык комитеттеринин алкагында да өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мамдума төрагасы Баш мыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгилеген.
"Орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Россиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралган. Мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстан менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү", — деген Володин.
Ал эми президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгилеген. Ал өз ара пайдалуу жана ишенимдүү союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин кошумчалаган.
"Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине бекем ишенерин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна карата, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин кошумчалаган.