ОшМУга Каныбек Исаковдун ысымы ыйгарылат. Шаардык кеңеш колдоду

Исаков 2011-2019-жылдары ректор болуп турган маалында ОшМУ Борбор Азиядагы эң мыкты окуу жайга айланган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетине мурдагы билим берүү жана илим министри, маркум Каныбек Исаковдун ысымы ыйгарылат.
Тиешелүү токтом бүгүн Ош шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан колдоо тапты. Эми аталган чечим Билим берүү жана илим министрлигине сунушталат.
ОшМУну Борбор Азиядагы мыкты окуу жайга айланткан. Исаковго жазылган некролог
Каныбек Исаков 1993-жылдан тарта ОшМУда эмгектенип, 2011-2019-жылдары окуу жайды жетектеген. Ректор болуп турган маалында ОшМУну жаңы деңгээлге чыгарып, Борбор Азиядагы эң мыкты окуу жайлардын катарына кошкон.
2019-жылдын 11-сентябрынан тарта октябрь окуяларына чейин КР билим берүү жана илим министри болуп эмгектенген.
Былтыр 12-ноябрда оорудан улам 51 жашында дүйнөдөн өткөн.
Каныбек Исаковдун ысымын ыйгаруу сунушу буга чейин Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн болчу.