"Манас" аэропортунун экс-жетекчиси Мурат Примбердиев кармалды

Буга чейин аба майдандын жооптуу адамдары чет элдик жүк ташыган компанияга жеңилдиктерди бергени аныкталган. Мурдагы төрага аталган мыйзамсыз иштерге катышы бар экендиги айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын октябрь айында кызматтан алынган "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин башкы көзөмөл органы "Манас Менеджмент Компани" жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташууда атайын коррупциялык схема түзүлгөнүн жана мамлекетке ири суммада зыян келтирилгенин аныктаган.
Прокурор, УКМК менен макулдашкан. Сот Матраимовго чыккан өкүмдү түшүндүрдү
Аталган иштин алкагында аэропорттун мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев коррупцияга шектүү катары 17-февраль күнү кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Жакында эле Башкы прокуратура тарабынан "Манас" аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалып, эки айга камакка алынган. Ал эми Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовго да жогорудагы коррупциялык иштерге байланыштуу дагы бир айып тагылган.