Алтынайдан Курманжан даткага чейинки жол. Жамал Сейдакматованын кинодо калган элеси

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү театр жана актрисанын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Жамал Сейдакматова Ысык-Көл районунун Темир айылында 1939-жылы 21-сентябрда туулган. Ата-энеси кызынын мыкты билим алуусун көксөп, аны борбор калаага жөнөткөн. Фрунзедеги №5 орто мектепти аяктаган соң Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Бирок табиятынан берилген шык, талант аны жөн койгон эмес.

Бала чагынан эле ыр-бийге шыктуу студентке жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келип театрга кирип алган. Актриса мындай кадамга кичинекейиндеги кыялын орундатуу үчүн барган. Анткени алардын үйүнө Карамолдо Орозов, Саякбай Каралаев, Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Бакен Кыдыкеева өңдүү залкарлар көп келип, секелек кыз алардан таасир алып шыктанган. Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева жана Даркүл Күйүкованын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат. Актрисанын 60-70-жылдар ичиндеги театр сахнасындагы бирден-бир жетишкендиги — англиялык улуу драматург Шекспирдин "Азоого чалма" комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жүрөт.

Аялдан дос күткөн жокмун... Жамал Сейдакматованын турмуштук ойлорунан
Сейдакматова көбүнчө лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп келет. Ошол эле маалда комедиялык ролдорду да ийине жеткире аткарган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 32 жылдай эмгектенип, Шекспирдин "Азоого чалмасында" – Катарина, "Отеллосунда" – Дездемона, Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде Найман эне, Ж. Абдыкадыровдун "Олжобай менен Кишимжанында" – Кишимжан, К. Мамбетакуновдун "Омар Хайямдын махабатында" – Элпи, М. Байжиевдин" Төрт адамында" – Нази, "Кыз күйөөсүндө" – Гүлсүн, Б. Жакиевдин "Күттүргөн жаз да келер" драмасында – Зейнеп, М. Каримдин "Ай тутулган түнүндө" – Шафак, Гоголдун "Үйлөнүүсүндө" – Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасовдун "Ак боз атында" Эркеайым сындуу этаптык ролдорду аткарган.

Ал эми киного "Алыскы тоолордо" фильмине тартылуу менен аралашып, "Акбаранын көз жашында" – Көк Турсундун, "Алыскы тоолордо" – Зыягүлдүн, "Тянь-Шань кызы" тасмасында – Алтынайдын, "Караш-Карашта" – Хаджанын, "Уланда" — Фатиманын, "Курманжан даткада" – Курманжан датканын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде ойногон. КР эл артисти 20дан ашык тасмада түрдүү образ жараткан.

II даражадагы "Манас" орденинин ээси жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.

1 / 12
"Аманат" тасмасын тартуу маалында актриса ырчынын образында
2 / 12
Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинокартинасында актриса Жамалдын, актер Болот Бейшеналиев Эсенгелдинин ролун аткарууда, 1974-жыл
3 / 12
Дооронбек Садырбаевдин "Түркүн тагдырлар" фильминде Гүлсүндүн ролу, 1980-жыл
4 / 12
"Караш-Караш окуясында" актриса Жамал Сейдакматова (Хадича) менен актер Сүймөнкул Чокморов (Бактыгул)
5 / 12
Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан "Акбаранын көз жашы" фильминде Сейдакматова менен Байдөбөтов жубайлардын образын жараткан
6 / 12
"Кара-Кийикке жол" кинофильминде башкы каарман Шакен, 1975-жыл
7 / 12
Төлөмүш Океевдин "Улан" кинокартинасы. Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Азаттын, анын көңүлдөшү Фатиманын ролун Жамал Сейдакматова аткарган.
8 / 12
Жаш актриса "Таштагы жылмаюу" кинофильминде Жамалдын образында
9 / 12
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Курманжан датканын ролун аткарып жаткан учуру
10 / 12
Башкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова), "Акбаранын көз жашынан" ирмем
11 / 12
Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова "Улан" кинокартинасын тартуу учурунда
12 / 12
КРдин эл артисти көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Курманжан даткада" башкы ролдо