БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Атайын үйрөтүлгөн иттер кандагы канттын деңгээлин, рак, эпилепсия жана коронавирус инфекциясын жыт аркылуу аныктай алышат. Бул тууралуу Россиянын Кинологиялык федерациясы (РКФ) 12-февралда өзүнүн Instagram баракчасына жазганын "Известия" билдирди.
Күнүмдүк машыгуудан кийин 3-5 жуманын ичинде итке ар кандай ооруларды аныктоону үйрөтүү мүмкүн экендиги белгиленет. Керектүү жытты табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, ага кызыгуу көрсөткөн жаныбарлар машыгууга алынат.
Ит менен иштегендер белгилегендей, ар бир оорунун өзүнчө жыты бар, ал аркылуу ит дене табындагы анча-мынча өзгөрүүлөрүн жана организмдеги сезгенүү процесстерин аныктай алат.
Иттин ооруну аныктоосу үчүн ага ошол илдетке чалдыккан адамды жыттатат же ит анын жытынын үлгүсүн алат. Эгер ооруну сезип калса анда ит үнү же кандайдыр бир кыймылы менен белги берет.
Учурда Россияда шалайка тукумундагы иттерди коронавирус инфекциясынын жытына көндүрүү үчүн үйрөтүлүп жатат.
2020-жылдын май айынын башында Франциянын Корсика аралындагы кинологдор жана ветеринарлар үйрөтүлгөн ит коронавирус менен ооруган адамдарды жыттан аныктоо жөндөмүн изилдеп жатканы белгилүү болгон. Көп өтпөй алардын финляндиялык кесиптештери бул гипотезаны жылдын аягында тастыкташкан.
Ал эми Австриянын Куралдуу күчтөрү июль айында эле коронавирус жуктурган адамды жытынан аныктоочу иттерди тесттик режимде үйрөтө башташкан.