Жаңы өкмөт элди "жакырчылыктын тузагынан" чыгарууну убадалады. Программа

Кыргызстан экономикалык өсүү жагынан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң артта калганы белгиленет. Буга пандемиянын эле кесепети эмес, экономикалык моделдин, башкаруу системасынын эффективдүү болбогону да таасир тийгизгени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин сайтына жаңы түзүлгөн өкмөттүн программасы жарыяланды.
Ал программа "Чыныгы максаттар, жаңы багыттар" деп аталат. Ал эми өкмөттүн өткөөл мезгилдеги башкы милдети – Кыргызстанды өнүктүрүү жана чоң өзгөрүүлөргө баруу үчүн пайдубалды түптөө менен негизги багыттарды аныктоо болору белгиленет.
"Өкмөт учурдагы түзүлгөн кырдаалды "жакырчылыктын тузагынан" чыгуу жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк катары кабыл алат", — деп жазылган программада.

Өлкө экономикасынын учурдагы абалы КМШ өлкөлөрүнөн эң артта калган

Кайсы орган жоюлуп, кимиси кимге баш ийип калды? Өкмөттөгү өзгөрүүлөргө саресеп

Акыркы он жылдыкта Кыргызстандын экономикасы жылына 3,5тен 4 пайызга чейинки өсүштү көрсөтүп жатты. Бул региондогу эң төмөн көрсөткүч. Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына ылайык, коңшулаш Тажикстанда 6,5, Өзбекстанда 8, Түркмөнстанда 9,5 пайыз өсүү болгон.

Ал эми 2020-жылы биздин ички дүң продукциянын (ИДП) төмөндөшү 8,1 пайызды түздү, бул КМШ мамлекеттеринин ичиндеги эң олуттуу төмөндөө.
Бюджеттин дефицити 30 миллиард сомго жакын, ал эми түз инвестициялардын келиши өткөн жылдын 9 айында 30 пайызга кыскарган.
Мындай цифралар жалаң эле пандемиянын кесепети эмес, биздеги экономикалык моделдин, башкаруу системасынын эффективдүү эмес экендигинен дагы кабар берет.
Өкмөттүн алдыга койгон максаттары:

Стратегиялык милдеттери

Жаңы башкаруу кандай натыйжа берет?

Өлкөдө башкаруу системасынын реформасы башталды. Анын негизинде ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти так бөлүштүрүү жатат. Демек, өкмөт туруктуу жана чечимдерди кабыл алуунун бир борбору болот.
Улуусу 61, кичүүсү 34 жашта. Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн жаш курагы, билими
Өкмөттүн түзүмү компакттуу болуп, ар кандай маселелерге ыкчам жооп бере алат. Министрликтер жана ведомстволор кыскартуунун жана функцияларды кайрадан бөлүштүрүүнүн эсебинен бириктирилет. Башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу ашыкча чыгымдарды кыскартат. Улуттук кадрлар резерви түзүлөт.
Мамлекеттик башкаруу тутумун санариптештирүү тездикте жүрөт. Беш жыл ичинде күбөлөндүрүүчү жана маалымдама документтерди берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка которулат.