Тайлак баатыр жөнүндө 10 факты. 42 жашында тыңчынын колунан өлүм таап...

XIX кылымдын башындагы кыргыз элинин атактуу баатырларынын башкы сабында Ак-Талаа аймагынан чыккан Рыскул уулу Тайлак баатыр турат. Бул тарыхый инсандын эрдиги, кеменгерлиги, алпейим берешендиги, намыскөйлүгү, кайраттуулугу азыркыга чейин айтылып келет.
Sputnik
Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга Тайлак баатыр туурасындагы он фактыны сунуштайт.
Кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн. Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири. Аны болжол менен 1796-жылдары жарыкка келип, 1838-жылдары каза болгон деп айтып келишет. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.
Жыйырма жылдык милдет. Тайлак баатыр жыйырма жылга чукул аскердик жана баатырдык, башчылык турмушунда борбордук Тянь-Шанды жердеп турган кыргыздарды сырткы душмандардын басып алуусунан коргоп келген. Бул мезгилдери элине туу, таянар тоо, коргогон чеп болуп турган. Ал кездери ички ыйкы-тыйкы мамилелерден сырткары сырттагы коркунуч — Кокон хандыгы жана Цинь мамлекети бейпил турмуш менен эркиндикти колдон талашып турган. Жоо жолдо, коркунуч белде болгон заманда Тайлак баатыр Тянь-Шань аймагындагы элдин коопсуздугун камсыз кылууда өзүнүн миссиясын толук аткарган.
Кокон хандыгына жай бербеген Тайлак. Кокон хандыгы Тянь-Шань аймагындагы кыргыздарды "кыңк" дедирбей кармап туруу үчүн Ак-Талаанын Куртка өрөөнүнө сепил куруп, миңден ашык сарбаздын күчү менен элди эзип турган. Нарындыктар Кокондун эзүүсүнө каршы биринчи күрөшүн 1832-жылы Тайлак жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен жасайт. Бирок ал ийгиликсиз аяктайт. Тайлак кайрадан кол курап, Курткадагы сарбаздарга тынчтык бербей, эркин көнгөн эл ордого баш ийген эмес. Кокон хандыгынан Мадали хан жай бербеген Тайлакты туткундоо үчүн Арап башында турган аскер жиберип, чоң салгылаш Бычан жайлоосунда болгон. Кокондуктар 400дөн ашык сарбазынан ажырап, Тайлак баатыр белде кууп жетип, жекеме-жеке сайышта Арапты өлтүргөн. Ошондон бул күнгө чейин ал "Арап өлгөн жер" деп аталып калган.
"Ак боз ат" да, автору да унутулду... Драма тууралуу кызыктуу 11 факты
1861-жыл. Куртка чебинде кырылган 39 элчи. Бул туурасында Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романында баяндалган. Алымбек датка Кокондон, Мала хандан келген элчилердин бирөөнү (Алымкул Молланын кишисин) гана артка кайра тирүү коё берип, калган 39ун кырдырып, Нарын сууга таштаттырып жиберди деп жазылат.
Тарыхта. Төмөндө тарыхчы Ташмамбет Кененсариевдин Куртка чебинде кырылган 39 элчи боюнча берген түшүндүрмөсүн келтиребиз.
Узун-Агачтагы окуядан кийин Алымбектин кармашка кирбей койгон "күнөөсү" үчүн Малабек аны куугунтуктаган. Алымбек ордого келбестен Алайда калууга туура келген. Анын Коконго жүрүш жасайын дегени менен мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан аркалык туугандарынан жардам издөө жана бир топ саясий иштерди жүргүзүү үчүн 1861-жылы жазында кайрадан Нарын чөлкөмүнө жөнөп кеткен. Алымбектин тоолук кыргыз туугандарынын арасында аброюнун өсүп бара жаткандыгынан кооптонгон Малабек хан жарашуу үчүн аны ордого чакырган, бирок Алымбек Малабектин жиберген адамдарын өлтүртүп, алардын артынан келген кошуунду да талкалап таштаган. Бул окуя 1861-жылдын жай айында Куртка чебинин алдында болгон...
Бул Тайлак баатыр жердеген жана бийлеген аймак. "Тайлак", "Куртка" деген аттар элчилер кырылгандан кийин Кокон хандыгында денеге кирген тикенектей кабыл алынган.
7 миң аскердин "желин" чыгарган. Тайлак баатыр эр жүрөк, кыраакы кол башчы катары өзүн көп кыйчалыш кырдаалдарда жогорку адамдык сапаттарга эгедер экендигин көрсөтө алган. 1825-жылы күз мезгилинде бейкут жаткан кыргыз айылдарына кыргын салган манжур-цын баскынчылардын Байан Бату генерал баштаган жети миң аскерден турган кошуунунун мизин кайтарган. Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы бул салгылаш кыргыз жоокерлерине даңк алып келген. Бул тууралуу тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин жазганы бар. Бирок бир катар булактарда аскерлердин саны 500 деген маалыматтар да айтылып келет.
Жүрөктү өрттөгөн өлүм. Тайлак баатыр 1838-жылы 42 жашында Кокон хандыгынын тыңчылары тарабынан жиберилген дервиш кейиптүү тыңчынын уусунан көз жумган. Тарыхый материалдарда, көркөм чыгармаларда трагедиялуу бул окуя капыстан болгондуктан, элдин эсин эңгиретип, ал тургай эл башчылары да эмне болуп кеткендигин ошол замат түшүнбөй калган. Тянь-шандыктар чуру-чуу түшүп, кокуйлап калган учурда кесепеттүү дервиш эбак изин сууткан.
Баатыр жан таслим болгондон кийин Нарын өрөөнүндөгү тоолук кыргыздар, тилекке каршы, кайрадан Кокон хандыгына баш ийүүгө аргасыз болгон.
Тартылбай калган тарыхый тасма, саргайып жаткан сценарий. Мындан беш жыл мурда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен "Тарых жана маданият жылындагы" негизги иш-чаралардын бири Тайлак Рыскул уулунун 220 жылдыгын республикалык деңгээлде белгилөө чечими кабыл алынган. Анын алкагында да окумуштууларга бул инсандын өмүрү, ишмердүүлүгү, кыргыз элинин эркиндиги, жеринин бүтүндүгү үчүн болгон күрөшү тарыхый аспектиде изилдөө иштерин активдештирүү максаты коюлган. Баатырдын күмбөзү оңдолгон. Дагы бир маанилүү иш — Тайлак баатыр туурасында толук метраждуу көркөм тасма тартуу чечими кабыл алынган. Сценарий жазылып, тасма тартууга даярдык башталган. Аны Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана Бакыт Турдубаев жазган. Болочок картинанын режиссёрун тандоого сынак да жарыяланган. Бирок өкмөт акча бөлбөй жана атайын комиссия тарабынан режиссёр тандалбай калгандыктан, тарыхый кино тартылбай калгандыгын ошондо "Кыргыз фильм" киностудиясын жетектеп турган Гүлмира Керимова айткан. Учурда толук метраждуу тарыхый фильм тартууга сценарий даяр болгону менен башка маселелер анын жаралышын тушап турат.
Кыска метраждуу "Тайлак баатыр" фильми. Бул күндөрү Тайлак Рыскул уулу туурасында кыска метраждуу кино Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын артисттеринин күчү менен экрандаштырылууда.
1 / 3
2 / 3
3 / 3
Сценарийин тарых илимдеринин кандидаты Кайнарбек Бийлибаев жана Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу жазган. Режиссёру — Медин Учукеев. Тайлак баатырдын ролун Жолдошбек Жанжигит уулу аткарган.
Баатырдын изин изилдегендер. Тайлак баатыр тууралуу маалыматтарды алгач жазгыч акын Тоголок Молдо, Абдыкалык Чоробаев эл оозунан жыйнап калтырган. Кийинчерээк тарыхчы жана этнограф, кыргыз элинин чыныгы тарыхын жазуу үчүн көп эмгек кылган профессор Сабыр Аттокуров атайын эмгек жазган. Мындан тышкары, Жумалы Байдилдеев изилдеген. Ал эми жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев "Тайлак Баатыр" тарыхый чыгармасын жараткан.
Маалыматтардын бир катарлары интернеттеги ачык булактардан алынды.