Андан бир аз мурун эле "Спутник V" вакцинасын колдонуу саясий эмес, The Lancet журналына жарыяланган клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү баскычынын жыйынтыктарына негизделген илимий чечим, — деген Франция президенти Эммануэль Макрон. Испаниянын россиялык препаратты пайдаланууга даярдыгын (EMA тарабынан жактырылганда) Мадрид да билдирген. Вакцинанын тегерегиндеги кырдаалга Ирина Алкснис баам салды.
Ал эми Германия жөнүндө айта турган болсок, өлкө жетекчилигинин бул маселеде Москва менен активдүү кызматташууга ниети январда эле байкалган. Ал убакта Ангела Меркель россиялык препараттын Европада катталышына көмөктөшүүгө Берлиндин даярдыгын жар салган. Негизи немецтер бул кадамга мурда эле кам урган. Ушул тапта Европанын эң таасирдүү маалымат каражаттары "Спутник V" жөнүндө оң маанайдагы макалаларын өз аудиториясы үчүн байма-бай жарыялоодо.
Жагдай түшүнүктүү: бир топ айга созулган россиялык препаратты активдүү каралоо кампаниясынан кийин коомдук пикирди тезинен өзгөртүүгө туура келет. Анткени Европа биримдигиндеги өлкөлөрдүн калкын эмдөөдө бул вакцина орчундуу роль ойнойт окшоп калды. Бирок алдыдагы маалыматтык-саясий жылыштын алгачкы карлыгачтары бир ай мурун эле пайда болгон. Бул процесске дал ФРГ түрткү болгон эле.
Абройлуу илимий журналдагы жаңы эле жарык көргөн макала "Спутник V" препаратынын чыныгы сапаты тууралуу капыстан баарынын көзүн ачкандай болду. Анан эле Германияда заматта вакцина өндүрүү үчүн аянтчаны даярдоо жүрүп жатканы анык болду. Айтор, немецтер Европанын лидери катары өз макамын дагы бир ирет тастыктады. Башкалар бул эмне менен аяктарын күтүп жатышканда, Германия саясий жактан маанилүү жана экономикалык жактан пайдалуу теманы дароо колго алды. Негизи эле Европанын өзүндө абал анчалык деле жарытарлык эмес. Негизги көйгөй – вакцина тартыштыгы. Вакцина ченеминин жетишсиздиги курч, алар үчүн күрөш жаңжалга айланчудай. Буга европалык, тагыраагы, англиялык-швед AstraZeneca вакцинасынын майнаптуулугунун орточо көрсөткүчтөрү да (60 пайыздан бир аз ашык) себеп болду. Америкалык эки — Pfizer жана Moderna вакциналары да натыйжалуулугу жагынан жакшы (95 пайыздын тегерегинде), бирок башка тарабы да бар. Адатта үч жагдайын белгилешет: