Медет Садыркуловдун кызы Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат

Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин мекемени тескеп турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Айжан Садыркулова Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Айжан Садыркулова
Кызматка дайындоо боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президент Марипов башында турган өкмөт мүчөлөрүн дайындады
Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.
Айжан Садыркулова - 2009-жылы киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун кызы. Атасы президенттин администрациясынын жетекчиси болгон.
Эсеп палатасынын төрагалык кызматы Улукбек Марипов премьер-министр болуп кеткенден кийин бош турган.