Президенттин маалымат кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Нургазы Анаркулов пара талап кылды делип кармалганы үчүн бүгүн кызматтан бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Нуркамал Асканова 25 жылдан ашык КТРКда иштеген. Дайынсыз жоголгондорго издөө салып, таап берген "Кайдасын?" берүүсүнүн автору жана алып баруучусу болчу.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Нургазы Анаркулов ири өлчөмдө пара талап кылды делип кармалганы үчүн бүгүн кызматтан бошотулган.