БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өкмөт УКМКнын курамына киргизилген Чек ара кызматынын жаңы жобосун иштеп чыкты.
Тиешелүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койгон.
Бул мамлекеттик чек араны кайтаруучу, чек ара коопсуздугун камсыздоочу жана чек ара саясатын жүзөгө ашырууга жооптуу жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
Ал эми кызматтын жетекчиси мурдагыдай "төрага" эмес, "директор" деп аталат.
Жободо көрсөтүлгөн директордун ыйгарым укуктары төмөндөгүдөй:
Чек ара кызматы туурасында жобо менен кененирээк өкмөттүн сайтынан тааныша аласыздар.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик чек ара кызматы өткөн жылдын 14-ноябрында УКМКнын курамына киргизилген.