Таластагы тамактануучу жайда газ баллон жарылып, жаракат алган аял көз жумду

4-январда Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында "Шаурма City" коомдук тамактануучу жайында жарылуу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Талас облусунда коомдук тамактануучу жайдан газ баллон жарылып жаракат алган аял каза болду. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун маалымат кызматы билдирди.
Москвада көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, кыргызстандык жигит ооруканага түштү
Белгилей кетсек, 4-январь күнү Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында "Шаурма City" коомдук тамактануучу жайында жарылуу болгон. Анын кесепетинен 11 адам жаракат алган, арасында жаш балдар дагы бар. Төртөө өтө оор абалда райондук ооруканага жаткырылган. Ар кимисинин күйүгү ар кандай деңгээлде болгон.
Реанимацияда жаткандардын экөө Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна которулган.