Аз акча салган бизнесим өзүн 150 пайызга актады. Марселдин өзгөчө чыйыры

Марсель Тынаев он жыл оболу Кыргызстандан Россияга кеткен. Көздөгөнү үй-бүлөсү үчүн акча таап, карыздарынан кутулуу гана эле. Анын турмушу таптакыр башка нукка бурулуп, мекенде бир нече бизнес-долбоорду ишке киргизүүгө үлгүрдү. Алар бүгүн жүздөгөн долларга бааланат.
Sputnik
Бир топ жыл мурун Марсель Тынаев япон ашканасынын чакан дүкөнүнө 2000 доллар салат. Ай өтпөй ал иш өзүн 150 пайызга актаган.
— Москвада көп жыл жашапсыз, эмне менен алектенип жүрдүңүз?
Акчасы жок жигитмин, бирок 8 млн. долларга комбинат куруудамын... Мараттын маеги
— 10 жыл мурда көптөгөн кыргызстандыктардай эле мен да сыртка акча табууга аттангам. 18 жашта болчумун, Бишкектен батир же там сатып алууну кыялданчумун. Башта көп кыйынчылык тарттым, көп миллиондуу калкы бар калаага көнүү оңой нерсе эмес.
Көп жумуштарда иштедим, турак жай көйгөйү да бир жагынан кыйнайт. Алгач Москвадагы кыргыздар ачкан чайханага кирдим. Анда узакка иштей алган жокмун, көңүлүмө жакпаган жактары көп эле. Кийинки жумуштар деле коомдук тамактануу тармагына байланыштуу болчу. Россияда ресторан, ашкана жана кафелер — ири жана кирешелүү бизнес.
Бирок мага бир жерден алган маянам жетпейт десеңиз. Өзүмө жана ата-энеме жөнөтүп турууга жеткирүү үчүн бир жумуштан экинчисине чуркоого туура келчү. Кандай гана жумуштарда иштебедим, адегенде официант, кийин чакан ишти баштадым, андан соң башкаруучу болдум. Мага ошол жайдын ишин тескөөчү инспекторлукту да сунушташкан. Бирок мен баш тарттым, себеби жумушка толук сүңгүп, өз ойлорумду ишке ашыруу жылып кете бермек. Андайга жол бергим келген эмес. 
Марсель Тынаев он жыл оболу Кыргызстандан Россияга кеткен. Көздөгөнү үй-бүлөсү үчүн акча таап, карыздарынан кутулуу гана эле
— Москвада официанттардын маянасы абдан жогору, жүз миң рублге чейин чыгышы ыктымал экен. Чындап эле ушунчалык кирешелүүбү?
— Ар кимдики ар кандай, бул ишке анчалык ынтызарлыгы жок балдар абдан пассивдүү болушчу. Өзүм кандай гана маанилүү мейман (андайлар толтура эле) келбесин, өз калыбымдан жазбай тейлечүмүн. Конок убактысын жагымдуу өткөрүүгө келет, ал үчүн мен тек гана көмөктөшүп коём. Меймандар менен тамашалашам, албетте, чектен чыкпайм. Алар мен өңдүү официанттарга дайым берешен келишет. Чайпул көп ташташчу, бир кечеде мен башка кесиптештеримдин айлык маянасынан да көбүрөөк таап койчумун. Бир жолкусунда мага 800 доллар таштап кетишкен! Жарымын Кыргызстанга жакындарыма жөнөтүп, калганына өзүм самап жүргөн телефон сатып алгам. Бир айда официант бир нече миң доллар таап коё алат. Тапканымдын дээрлик баарын туугандарыма жиберем, үй-бүлөбүз үчүн турак жайга да топтоп жүрдүм.
Жумушта мени баалашчу, анткени жалгыз өзүм ошол жайдын кирешесинин 10 пайызын камсыздап тургам. Мактанганым жок, тек гана менин баянымды окуган киши ишке кол учунан мамиле кылбоо керектигин түшүнсүн дегеним.
— Рублевкада, Москванын айтылуу жайларында иштепсиз, сизге белгилүү меймандар келчү экен. Алар тейлөөчү персоналга кандай мамиле жасашат?
— Владимир Жириновский, Филипп Киркоров жана башкалар менен таанышкам, баарын эстей деле албайм. Жылдыздар ресторанда көбүнесе өздөрүн тынч алып жүрүшөт. Адамдардан обочо отургусу келип, эмне каалаганын официантка так айтышат. Ал убакта мен ресторанда башкаруучу болуп иштеп, меймандарды тейлебей калган элем. Бирок алардын жанына барышым керек болсо, колумдан келгендин баарын жасачумун.
— Бишкектин кымбат ресторандарында иштеген официанттар колунда бар коноктор тейлөөчү персоналга өтө жаман мамиле кыларын айтып калышат. Москвадагы тамактануу жайларында сиз ошондой көрүнүштөргө кабылган жоксузбу?
Ишкерлер эмнеден ката кетирет? Бишкектик бухгалтер агынан жарылганда
— Жеке өзүм андайга тушукпадым, бирок абдан жагымсыз бир окуяга күбө болгом. Бардар мейман официантты кемсинтет, ага бир нече ирет эскерттик. Биздин ресторанда андайга жол берилбейт.
Бирок тиги киши басылгысы жок, ошондуктан чыгып кетүүсүн өтүнүүгө аргасыз болдум. Ал ого бетер кыжырданып кирди, уруш чыкты. Жетекчилик буга аябай каарданды, бирок байкуш кызды кемсинткендерин жөн карап тура албадым. Ошол окуядан соң ал ресторандан кетип калдым.
— Жогоруда Россияда чакан ишти баштаганыңызды айттыңыз. Эмне долбоор эле, эмне үчүн жабылып калды?
— Бир нече ресторан менен макулдашып, аларды чай үчүн сырьё менен жабдып турмак болдум. Алар суусундукту даярдап, мен сатып, түшкөн кирешени теңме-тең бөлүп алмакпыз. Иш абдан кирешелүү болчу, бирок ошол убакта тажрыйбасыз элем, документтерди каттаткан эмесмин. Дал ошол себептен көп өтпөй менин долбоорум башка адамдардын колуна өтүп кетти. 
Тынаев: 10 жыл мурда көптөгөн кыргызстандыктардай эле мен да сыртка акча табууга аттангам
— Чет жакта иштөөнүн эң кыйын жагы кайсы?
— Жакындарымды сагынчумун, көп иштедим, башында абдан чымырканып жашадым. Себеби кадимки мигрантмын, топ бала Москванын четиндеги чакан батирди ижаралап жашачубуз. Азык-түлүктүн да эң арзанын сатып алабыз. Батирдеги коңшуларыбыз уктап жатканда эч кимиси байкабасын деп түнкүсүн алардын тамагын уурданып жечүбүз. Чет өлкөгө иштеп кеткенде ошондой шартта жашоо кадыресе көрүнүш деп эсептешет. Түк андай эмес! Андайга чыдай албасымды аңдадым, акыры акысы туура келген жумуш таптым, башта бир бөлмөнү, кийин бүтүндөй батирди ижаралоого жетишип калдым.
— Кыргызстанга кайтканыңызда жумуш табуу кыйын болдубу?
— Мекенге келгенден кийин да мурдагы жетекчилерим ресторанга кайра чакырып, маянамды жогорулатып берүүнү убада кылышты. Бирок азырынча бул жакта калууну чечтим. Кайткандан көп өтпөй бизнес ачтым, электрондук техника менен алектенүүгө кириштим. Бул долбоорго төрт жылдан ашуун убакыт арнадым, кийин ал ишти менден сатып алышты.
— Кымбатка карматтыңызбы? Акысын эмнеге сарптадыңыз?
— Долбоорду 35 миң долларга баалашты. Албетте, өзүм алып калсам деле болмок, бирок ага убактымдын көбүн арнай берип, көңүлүм кала түшкөн. Акчаны колума алып, унаа базарга жөнөдүм. Өзүм кыялданып жүргөн машинаны сатып алдым. Жакшынакай аппак Mercedes, ачыгы бир ай өтпөй ага да кызыгуум тарады.
— Бишкекте ресторан ачып, коомдук тамактануу тармагына байланышкан дагы бир нече долбоорду ишке киргизипсиз. Кыргызстандагы ресторандык бизнес Россиядагы бизнестен кескин айырмаланабы?
Айлыгы көп кесиптен баш тартып... Бишкектик ишкердин усталык чыйыры
— Ким эмне дебесин, Кыргызстанда иш ачуу мага чет өлкөгө караганда жеңил болду. Бишкекте маселелер алда канча бачым чечилет, чакан шаарлардын бир артыкчылыгы ушунда. Анткени баары бири-бирин тааныйт.
Адамдар менен түздөн-түз иштешкендиктен, чет жакта меймандар официант менен тезирээк тил табышып кетерин, жаңы тамактын даамын татуу сунушун кубануу менен кабылдай турганын байкадым.
Кыргызстанда кардарлар түнтүрөөк келет, бирок, менимче, азырынча гана ушундай. Жакшы жайлар канчалык көп ачылса, мындай мүнөз ошончолук тез өзгөрөт.
Биз бир орунда турбайбыз. Кыргызстандыктар жалпы дүйнөлүк тренддерден артта калбайт, маселен, пайдалуу тамактарды көп тандашчу болду. Дал ушул себептен саламаттыкка эч кандай залал келтирбестен, даамдуу тамак ичүүгө боло турган япон ресторанын ачтым. Тескерисинче, организм үчүн пайдалуу. 
Тынаев: Жумушта мени баалашчу, анткени жалгыз өзүм ошол жайдын кирешесинин 10 пайызын камсыздап тургам
— Ресторан ачууга канча каражат салдыңыз?
— Ресторан ачардан оболу бир долбоорду баштадым. Тамак жеткирип берүү дүкөнү эле, япон ашканасынын тамактарын даярдачубуз. Аны ишке киргизүү үчүн 2 миң доллар жана бир нече жакшы ашпозчу керектелди. Бир айдан соң менин чакан ишим мага 3 миң доллар алып келди, ишим өр алды. Өзүм да бул тармакта өнүгө баштадым.
Биз, кыргыздар, япон ашканасын кандай жакшы көрөрүбүздү элестете да албайсыз! Бишкекте суроо-талап күч болгон жүздөн ашуун суши-бар иштейт.
— Бир катар ишкерлер пандемияда сызга отуруп калышты, сиз кантип чыктыңыз бул жагдайдан?
— Чындыгында көпчүлүк үчүн оор мезгил болду. Ага карабастан кирешебизди көбөйтүүгө жетиштик. Иш өрчүдү, ал түгүл бизнесиме кызыккан сатып алуучулар да чыкты.
Япон ашканасынын түйүнү боюнча менин долбоорумду 300 миң долларга баалашты. Бизнесмен дароо сатып алууга даяр эле, бирок азырынча өзүм бул иш менен алектенүүнү улантууну чечтим. Мага керексиз эле машинага 35 миң доллар сарптап койгонумду айтпадымбы жогоруда, эми андай катачылыктарга жол бергим жок.
— Жолу болбой калган долбоорлоруңуздан кеп салсаңыз. Учурда иши жүрүшпөй турган ишкерлерге кандай кеңеш берер элеңиз?
Канададагы англис тили мугалими Айдина: кымбат кийинип дүкөндүн алдын шыпыргандар көп
— Мектепте окуп жүргөн кезимде эле бизнес ачкым келчү. Ал убакта компьютердик клубдарга талап күч болчу. Орун таптым, таекемден (агамдан) компьютер алууга 2 миң доллар карызга алып, клубду ачтым!
Жаш балага бизнес үчүн мынчалык акча берүүгө кантип макул болгону өзүм үчүн деле табышмак. Бирок тийиштүү аргументти таба алган өңдөнөм. Ошол иш мага киреше алып келген эмес, ал эми карызымдан бир нече жылдан кийин кутулдум. Көйгөйлөр чыга берет, аларды акыр замандай кабыл алуунун кереги жок. Он жыл оболу жашоом жыргатарлык эмес эле, бирок мен жагдайды жакшырта алдым.