Жоламан Шаршенбековдой эч качан багынбаш керек! UWW балбан тууралуу ролик даярдады

Тасмада балбандын акыркы жылдардагы бир катар ири мелдештердин финалында жеңилүү ызасын тартып, жер муштаган учурлары эскерилген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (United World Wrestling) кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбековго арнаган ролик жарыялады. "Эч качан багынба" аталышындагы тасманы UWW өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Анда балбандын акыркы жылдардагы ири мелдештерде финалга чыгып, алтын байге үчүн жеңилүү ызасын тартып, жер муштаган учурлары эскерилген. Ролик Жоламан Шаршенбековдун 2020-жылы өткөн дүйнө кубогу мелдешинде жеңүүчү болуп, кубанычы койнуна батпай секирип жаткан учуру менен аяктаган.
Кайталап көргүң келет! UWW Улукбектин күрөштөгү ыкмасын мыкты деп тапты. Видео
Эске салсак, 2017-жылы Темпереде өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны финалда түркиялык Керем Камалга жеңилип калган. 2018-жылы Венгриянын Будапешт шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында Жоламан 55 килограмм салмакта күрөшүп, финалда азербайжан балбаны Элдениз Азизлиге утулуп, күмүш медаль тагынган. 2019-жылы болсо 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатынын финалында армениялык Армен Меликянга утулуп, жер муштап калган болчу.
Ал эми 2020-жылы Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунда финалга чыгып, россиялык дүйнө чемпиону Степан Марянянды утуп, алтын тагынды.
Эске салсак, UWW уюму Жоламан Шаршенбековдун машыгууларын, анын спортчу катары өзгөчөлүктөрүн белгилеп, өз баракчасына жарыялап келет.