Чемпион Улукбек Жолдошбеков балбан Мээрим Жуманазарованын эжесине үйлөндү. Сүрөт

Учурда эки жаштын тойдогу сүрөттөрү социалдык тармактарга жүктөлүп жатат. Балбан өзү да баракчасына "күйөө бала даяр" деп жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков белгилүү балбан Мээрим Жуманазарованын эжесине үйлөндү. Бул тууралуу маалыматты ал Sputnik агенттигине өзү тастыктады.
Спортчу Instagram баракчасындагы Stories бөлүмүнө "күйөө бала даяр" деп жазган.
Жубайынын аты Мунара Жуманазарова экени, ал айтылуу балбан кыз Мээрим Жуманазарованын бир тууган эжеси экени белгилүү болду
Эки жаштын тоюндагы кадрларды спорт дүйнөсүнүн өкүлдөрү жүктөп жатат. Жубайынын аты Мунара Жуманазарова экени, ал айтылуу балбан кыз Мээрим Жуманазарованын бир тууган эжеси экени белгилүү болду. Экөө социалдык тармак аркылуу таанышып, эки жыл сүйлөшүшкөн. Кыз 23 жашта, спорттон алыс.
Ал эми Мээрим Жуманазарова жакында эле Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда биринчи орунду камсыздады. Бир нече жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын байге ээси 21 жашта.
Батир берилди! Балбан Улукбек Жолдошбековду федерация сыйлады
Улукбек Жолдошбеков 2019-жылы Түркияда өткөн Takhti Cup эл аралык мелдешин утуп, ошондой эле 23 жашка чейинки спортчулар арасында Азия жана Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиондугун жеңип алган.
Балбандын былтыр Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда атаандашын өзүнүн үстүнөн ашыра чимирилип чапканын Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) мелдештин мыкты ыкмасы деп баалаган.