Дарыгер кышкысын мончого кантип туура түшүү керектигин түшүндүрдү

Адистин айтымында, кан басымы жогору, онкологиялык илдеттери, тери оорусу бар жана нерв системасы солгундаган адамдар ысык бууга кирбей эле койгону жакшы.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Дарыгер кышкысын мончого түшүүдө ден соолукка зыян келтирип албаш үчүн бир нече эрежени кармоо керектигин айтып, аларды санап берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Көпчүлүк жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрү же негизи эле кышкысын мончого барып, дене бойду жибиткенди жакшы көрүшөт. Бирок түшөт деп эле мончонун ысык буусуна жүрөктү кыйнай бербей, бир нече эрежени кармануу керек", — дейт алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча адис Андрей Тяжельников.
Дарыгердин айтымында, кан басымы жогору, онкологиялык илдеттери, тери оорусу бар жана нерв системасы солгундаган адамдар ысык бууга кирбей эле койгону жакшы. Ошондой эле кош бойлуу келиндер, жашы өтүп калгандар жана сасык тумоолоп, өзгөчө, дене табы көтөрүлүп тургандар мончо буусунан оолак болгону туура.
Мындан тышкары, адис мончо буусунан чыгып, муздак суу куюнуунун жол-жобосун түшүндүрдү.
Канткенде ичимдиктин ден соолукка зыяны азаят. Диетологдун пикири
"Ооба, ысыктан чыга калып муздак бассейнге секирүү ырахат тартуулайт. Бирок организмди кыйнабаш керек. Алгач акырындан көндүрүү зарыл. Ошондо дагы ден соолугу бекем адамдар гана муну кылса болот. Саламаттыгы начар же эзели минтип көрбөгөн адам буудан чыга калып муздак сууга секирсе организм чочуп, кан тамырлар шишип кетиши мүмкүн. Мындай учурда медиктердин жардамысыз болбойт", — деди дарыгер.
Адис канчалык көнүмүшкө айланбасын, мончо менен спирт ичимдиктерин аралаштырбаш керектигин кошумчалады.