Пресс-борбор

ЕАЭБ элчинин дары өндүрүү боюнча Индиядан сабак алуу сунушун жактырды

Кыргызстандын Индиядагы элчиси бул өлкө өзүн пандемия учурунда дүйнөлүк дарыкана катары жакшы көрсөтө алганын айтып, тажрыйба алууну демилгеледи.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. ЕАЭБ товар өндүрүү боюнча Индиянын тажрыйбасын колдонсо болот. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Асеин Исаев билдирди.

Ал ЕАЭБ мамлекеттери менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү темасына арналган конференцияга катышкан.

"Пандемияга байланыштуу бизде Индияда өндүрүлгөн фармакологиялык товарларга суроо-талап өстү. Биздин оюбузча, биримдикке кирген өлкөлөр Индиянын тажрыйбасын алса жакшы болчудай. Индия өзүн дүйнөлүк дарыкана катары жакшы көрсөтө алды", — деди элчи.

Анын сөзүн ЕАЭБдин Фармацевтикалык ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Станислав Наумов кубаттады. Төраганын айтымында, ЕАЭБдин аймагында дары-дармек өндүрүү маселесин карап көрүү керек.

"Мен кыргызстандык кесиптешимдин пикирин колдойм. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бир гана Россиянын аймагында эмес, башка мамлекеттерде деле аракет кылсак болот", — деди ал.

Буга чейин элчи Индия Кыргызстандан чыккан кандай товарларга муктаж экенин айтып берген.