Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Сүрөт

Мекемеден белгилешкендей, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналгандыктан, бул жаатта көптөгөн иштер пландалып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Салтанаттуу ачылышка министр Нуржигит Кадырбеков, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулар катышкан.

"Министр меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Ачылыш аземде туристтик тармакты колдогон өнөктөштөр тарабынан бир катар баалуу белектер тапшырылып, иш-чара жогорку деңгээлде өттү", — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден белгилешкендей, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Бул жаатта көптөгөн иштер пландалып жатканы кошумчаланды.