Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө

Sputnik

Бул датага байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү калемгердин эмгектеринин негизинде тартылган кинофильмдердеги ирмемдерди сунуштайт.

Койлорду жайлоого учак менен жеткирип... 87 жылдык тарыхы бар жарандык авиация
Союз маалында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына бир топ кинематографисттер кайрылып, аларды экрандаштырган. Алгач "Делбирим" повестинин негизинде режиссёр Алексей Сахаров 1961-жылы "Ашуу" кинокартинасын жаратса, 1965-жылы Андрей Михалков-Кончаловский "Биринчи мугалимди" көрүүчүлөргө тартуулаган. Жаш режиссёрдун дипломдук ишиндеги башкы ролду аткарган Наталья Аринбасарова Венециядагы эл аралык кинофестивалда аялдын мыкты ролун жаратканы үчүн "Вольпи" кубогуна татып, актрисанын ысымы алыска тараган. Кинокартина Киевде, Рим, Йере шаарындагы фестивалдардан байгелүү кайткан. Андан соң Сергей Урусевский "Жоргонун жүрүшү", Ирина Поплавская "Жамиля" фильмин жараткан.

Кийин Москвада жогорку окуу жайды бүтүп келген жаш кыргыз режиссёрлор да Айтматов менен кеңешип, Болот Шамшиев "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Сүйүү жаңырыгы", Геннадий Базаров "Саманчынын жолу", Төлөмүш Океев "Кызыл алма", Дооронбек Садырбаев "Акбаранын көз жашы", Бакыт Карагулов "Бетме-бет" чыгармасынын негизинде "Куш өмүр" кинофильмдерин тартышкан.

Ал кинокартиналардын аркасы менен кыргызстандык режиссёр, оператор, актёрлордун атагы алыска кетип, "кыргыз керемети" дүйнө кезген.

Карышкыр менен ойногон бала көчөдөн табылган. "Акбаранын көз жашынан" таберик сүрөт
Жогоруда тизмектелген киночулардын эмгектеринин көпчүлүгү эл аралык фестивалдардан байгесиз кайткан эмес жана алардын тартуу иштерине Чыңгыз Айтматов өзү барып көз салып турган.

Ал эми режиссёрлор менен иштешкен актёрлорду көрүүчүлөр өз ысымынан эмес, каармандарынын аты менен таанып калышкан.

Жалпылап айтканда, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз кинематографиясынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Азыркыга чейин анын аңгеме, повесть, романдарынын негизинде кинолор тартылып келүүдө.

1 / 13
"Биринчи мугалим" 1965-жылы экранга чыккан. Анын сценарийин режиссёр Сергей Михалковдун уулу Андрей Кончаловский жазган. Сүрөттө башкы ролдорду жаш актёрлор Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова аткарган
2 / 13
"Жамийла" тасмасындагы Жамийланын образын Наталья Аринбасарова, Даниярдыкын Сүймөнкул Чокморов жараткан
3 / 13
"Биринчи мугалимде" Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу
4 / 13
Чыңгыз Айтматовдун "Ак кемедеги" каармандары: зөөкүр Орозкул, бүжүрөңдөгөн Момун чал жана анын ачуу үндүү кемпири
5 / 13
19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан
6 / 13
Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналарда" Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Кендирбаева, 1979-жыл
7 / 13
Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" фильминдеги бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир
8 / 13
Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган Нургазы, Болот Шамшиевдин "Ак кеме" фильми
9 / 13
"Бетме-бет" чыгармасынын негизинде тартылган "Куш өмүр", сүрөттө актёр Бусурман Одуракаев Ысмайылдын, Шайыр Касымалиева башкы каарман Сейденин образында
10 / 13
Жакындарынан айрылып жалгыз калган Толгонай эне. Геннадий Базаровдун 1967-жылы тарткан "Саманчынын жолу" кинокартинасы
11 / 13
Режиссёр Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолунда" энесинин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева
12 / 13
Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов, "Кыямат" романынын негизинде режиссёр Дооронбек Садырбаев тарткан "Акбаранын көз жашы"
13 / 13
Режиссёр Болот Шамшиев башында турган "Ак кемени" тарткан чыгармачыл топ жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары менен. Ысык-Көл облусу, 1974-жылы