БШК президенттикке талапкер 18 кишинин кол топтоо кагазын бекитти

БШКнын жумушчу тобу эки талапкердин кол топтоо кагазын жараксыз деп тапкан. Анын бири Административдик сотко арыз берди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия өлкө президенти кызматына аттанган 18 жарандын кол топтоо кагазын бекитти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

БШКнын жумушчу тобу бардык кагазды текшерген. Талапкерлер 30 миңден кем эмес жана 60 миңден ашпаган шайлоочулардын колу коюлган кагазды тапшырышы керек болчу.

БШКнын маалыматы боюнча, 30 миң же андан көп кол топтогондор төмөнкүлөр:

БШКнын жумушчу тобу эки талапкердин — Кубан Чороев менен Кубанычбек Токтосуновдун кол коюлган кагаздарын жараксыз деп тапты. Чороев Административдик сотко арыз берген, иш азырынча карала элек.

Эске салсак, талапкерлерди каттоо 14-декабрга чейин жүргүзүлөт. Шайлоо 10-январда болот.