Өпкө рагын күлгөндө аныктаса болобу? Онкологдордун ою

Өпкө рагы жаңы башталганда эч кандай белги бербейт, билинбейт. Бирок анын алгачкы белгилерин аныктай билүү маанилүү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Күлгөндө өпкө рагын билсе болот. Бул тууралуу Daily Express басылмасы жазды.

Айла кетип, балдардын кийимин тигип сата баштадык. Ракка чалдыккан аялдардын бизнеси
Американын онкологдор коомунун маалыматы боюнча, өпкө рагы жаңы башталганда эч кандай белги бербейт. Бирок анын алгачкы белгилерин аныктай билүү маанилүү.

Дарыгерлердин айтымында, бул ооруга чалдыккан адамдын күлгөндө төшү ооруп, өпкөгө бир нерсе тыгылып калгандай сезилет. Өпкө рагында аталган органга суу толуп, лимфа түйүндөрү кеңейип, шишик пайда болот.

Буга чейин кыргызстандык дарыгерлер өпкө рагынын өзүнө таандык белгилери деле жок экенин айтып, ал бронхит, пневмония дартына окшош эле болорун белгилешкен.