Мында чечүүчү ролду мамлекеттин аскерий уюмунун системасы, коргоо өнөр жайы, арсеналы жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү чоң мааниге ээ. Карабах чыры Түркиянын Bayraktar TB2 аппаратынын мыктылыгын эмес, Армениянын өз күчүн ашкере баалаганын жана кургакта коргонуусу начар экенин көрсөттү. Аймакта чыккан чырда колдонулган курал-жарак жана техниканын өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.
Тоолуу Карабахта атышуу токтогондон кийин медиа айдыңда окуяга баа берген бир топ комментарийлер, ой пикирлер жарыяланды. Ток этери эки сүйлөмгө сыят:
- Азербайжан Түркиянын учкучсуз аппаратына ээ болгону үчүн жеңишке жетти;
- Россиянын ПВО системалары азыркы "дрон согушунда" майнапсыз болуп калды.
Абалга минтип өзөгүн көрбөй жалпылап баа берүү эксперттердин аскердик билиминин тайкылыгы жана Армениянын аскердик техникасы менен өздүк курамынын көз көрүнөө жеңилип жатканы менен түшүндүрүлөт. Бирок реалдуулук биз көргөн-билгенден алда канча татаалыраак.
Адам жашоосунда керемет болбойт, кинонун баары режиссердун көз карашы, ойлоп тапканы менен тартылат. "Байрактар" жана Азербайжандын учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан тартылган видеосюжеттер алгач каршылаштын духун түшүрүүгө жана Түркиянын бул аппараттарын дүйнөлүк курал рыногунда жарнамалоого багытталган. Ал эми кадр артында ПВО жана радиоэлектрондук тирешүүдөн жеңилген ондогон дрондор калды.
Мисалы, 1 миллион доллар турган Bayraktar болгону 150 килограмм ок-дары көтөрүп, керектүү жерге чейин жеткире алат, ал эми баасы кыйла арзан болгон залп оттун реактивдүү тутумунун жүгү 1 тоннага чейин жетет. Демек, артиллерия бутаны жок кылуунун "өз баасын" бир топ эле төмөндөтүп коет. Аскердик бюджеттин көлөмү жеңишке кепилдик бере албайт. Алсак, Пентагон ушунча жылдан бери Афганистандын асманында үстөмдүк кылганы менен кургакта талибдерди жеңе албай келет.
Өзүнө өзү ашкере ишенүүчүлүк
ПВОнун туура уюштурулган эшелондук системасы каршылаштын ири сандагы учкучсуз аппаратын жок кыла алат, ал эми радиоэлектрондук чалгындын каражаттары көз ирмемде душмандын ок атууну тескеген пунктулардын дайын-дарегин аныктоого жөндөмдүү. Армян армиясынын Карабахта колдонгон ПВО комплекстеринин тийиштүү деңгээлде коргой албаганына "эскирип" калганы эмес, бир беткей системанын жоктугу, аракеттердин башаламандыгы себеп болду. Белгилей кетсек, 1960-жылдары чыккан "Стрела-10" жана "Оса-АКМ" комплекстери айрым учурда сегиз чакырым жерден "Байрактарга" жетпей калып жатты. Ал эми заманбап делген "Тор-М2КМ" менен "Бук-М2Э" Ереван менен Мецамор атомдук электр станциясын гана коргоп жатышты.
Дагы бир маселе, маскировка таптакыр көз жаздымда калды, айрым объектилер "мен бул жактамын, өлтүр мени!" деп кыйкырып жаткандай эле болду.
Экинчи жагынан Түркиянын өзү учуучу аппараттары "кокусунан" Карабахтан Армениянын чек ара аймагына кирип калып жатты. Буларды ал жакта иши жолго коюлган ПВО жана радиоэлектрондук тирешүү каражаттары эч көйгөйсүз ордуна коюп келди.
Армян армиясынын потенциалы 27-сентябрга карата Азербайжандан кыйла артта болчу, ошентсе да каршылаштар адамдарынан да, техникасынан да бирдей эле оор жоготууга учурады. Азербайжандын түштүктөгү күчү кайсы бир убакта он эселеп алдыга кеткени менен бир айда 30-40 чакырымга эле жылганы маалым болду. Нары-бери кыла коем деген Бакунун ою ишке ашпай калды. Ал эми калкалоосуз, борбордук башкаруусуз калган армян аскерлеринин, ыктыярчыларынын эрдигине баа берүүгө болот.
Сирия жана Ливия тажрыйбасы
Россиянын ПВО системалары менен Түркиянын учкучсуз аппараттарынын атаандаштыгына кайрыла турган болсок, Сирия менен Ливиянын аба мейкиндигиндеги "Тор-М2КМ", "Бук-М2Э" жана "Сосна" зениттик ракета комплекстеринин ырааттуу иштешинин натыйжасындагы "дрон жаанын" эстөөгө болот. Майнаптуулугун "Панцирь-1" комплекси да көрсөткөн. Эгер аталган техниканы Карабахка өз убакында жайгаштырып колдонгондо, Түркиянын "Байрактары" алапайын таппай калмак.