Ноутбук менен жатып алып иштөө зыян. Дарыгердин түшүндүрмөсү

Ноутбук менен иштебей, бирок андан сериал көрүп отурганда көзгө ошондой эле зыян тиери эскертилди. Адис көз ооруларын алдын алуу боюнча бир катар сунушун берген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ноутбук менен жатып алып иштөө ден соолукка зыян, анткени дененин мындай абалы мээнин иштөөсү үчүн өтө эле ыңгайсыз. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине дарыгер-офтальмолог Арпине Адамян айтып берди.

"Адам жатып алганда ноутбукту көзгө ыңгайлаштыруу оор. Мунун айынан омурткага, моюн булчуңдарына, белге жана мээ тамырларына катуу күч келет", — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле адамда көздүн миопия оорусу жаралат, тагыраагы, алыстан начар көрүп баштайт.

"Чоңдордо да, кичинекейлерде да узак убакытка чейин баш оору, баш айлануу, көздүн көрүүсүнүн начарлашы байкалат. Кеңсе кызматкерлеринин көбү кургак көз синдрому менен кайрылышат", — деген Адамян.

Смартфонду пайдаланууда көздү кантип коргош керектигин дарыгер айтып берди
Ноутбук менен иштебей, бирок андан сериал көрүп отурганда да көзгө ошондой эле зыян тиери эскертилди.

Дарыгер компьютер колдонгондорго ар 20-30 мүнөттө тыным алып, көнүгүү жасап турууну сунуштаган. Андан тышкары, иштеген жерде белди туура кармаган отургучка отуруп, монитордон 50 сантиметр аралыкты сактоо зарыл.

Адис эскерткендей, көз оорулары дароо эле кабар бере бербегендиктен, ооруканага маал-маалы менен баш багып турган оң.