Сот ишин маалымдап тургула. Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадына барды. Cүрөт

Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадына барып, вахталык кыштакчанын жана аталган жабык акционердик коомдун мүлкүнүн абалы менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, ал жердеги мүлктөрдү "Электр станциялары" коргоого алган.

"Электр станциялары" компаниясынын төрагасы Жапаровго Жогорку Нарын ГЭС каскадынын учурдагы абалы жана анын тегерегиндеги соттук териштирүүлөр туралуу маалымат берген.

Жапаров анын курулушу ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгилеген.

Кыргызстанда жар салынып, бирок ара жолдо калган ири долбоорлор

"Жапаров энергетикалык объектиге байланыштуу сот ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты өз убагында билдирип турууну тапшырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады", - деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде башталган. Курула турчу төрт гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстан келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор кароо керектигин Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирген. Келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзамга ошол кездеги мамлекет башчы 2016-жылдын 22-январында кол койгон, ал эми 9-августтан тарта келишим күчүн жоготкон.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстандын "РусГидрого" карыз болгон 37 миллион долларды төлөө милдетин алган. Бирок кийинчерээк ал компания төлөй албай калганы маалым болуп, келишим жокко чыгарылган.

Кийин "РусГидро" Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС боюнча кыргыз тарапты Гаага сотуна берген.