"Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды. Ал эмнеге шектелүүдө

Жазык кодексинин 313-беренеси боюнча соттук териштирүү иштери жүрүп жатат. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Диний-экстремисттик "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалгандыгын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аны жашыруун иш алып барган уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча жасалган иш-чаранын алкагында колго түшүрүшкөн.

Жүргүзүлгөн тергөөгө ылайык, ал Конституцияга каршы көз карашын ачык айтып, тыюу салынган уюмдун идея, принциптерин жайылткан.

Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган уюмдар. Тизме

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу") боюнча иш козголуп, соттук териштирүү иштери жүрүп жатат. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилген.