Адис ачууга же таттууга берилүүнүн себебин түшүндүрдү

Адис табитти жөнгө салуу үчүн адамдын эрки күчтүү болушу керектигин айткан. Маселен, бир чыны чайга эки-үч кашык шекер салып ичсеңиз, аны азайтуу керек, такыр баш тартып салган да болбойт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Адамдын кайсы бир даамга берилүүсү курсакта жаткан кезинде калыптанат. Бул тууралуу Sputnik радиосуна Тамактануу, биотехнология жана азык-түлүк коопсуздугу илимий борборунун нутрициология лабораториясынын башчысы Екатерина Пырьева айтып берди.

Адис генетиканы "оңдосо" болорун айткан.

"Маселен, аял кош бойлуу кезинде туздалган жана ачуу тамактарды көп жесе кийин баласы дагы ошого жакын болот. Ал эми таттууну наристелер төрөлгөндөн баштап эле жакшы көрүшөт. Бирок ширин азыктарды кечке эле жей берсе берилип кетет. Анткен менен жаш курактын өтүшү менен адам таттуу жебей калат. Биздин максат даамдарга берилүүнү күчөтүп жибербөө", — деген адис.

Уйку канат. Дарыгер кумшекерден баш тартуунун пайдасын айтты

Ошол эле учурда кайсы бир тамак-ашка болгон муктаждыктын себеби бар жана ал организмдин физиологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу.

"Бардыгы жекече каралат. Кээде тузду сүйгөндөр селёдка балыгын бүт жеп салышат. Адатта мындай адамдардын кан басымы төмөн болуп, ошону менен тамырларын нормалдаштырышат. Ал эми ачуу тамакка тарткандардын ашказанында секрециясы жетиштүү болбогондуктан, ушундай жол менен толукташат. Таттууну ашагандар глюкозалык метаболизми начар экенинен кабар берет. Алар шекердин жардамы менен глюкозанын деңгээлин жакшырткысы келет", — деген эксперт.

Пырьева табитти жөнгө салуу үчүн адамдын эрки күчтүү болушу керектигин айткан. Маселен, бир чыны чайга эки-үч кашык шекер салып ичсеңиз, аны акырындык менен азайтуу керек, такыр баш тартып салган да болбойт. Туздуу жана ачуу тамактарга да ушундай аракеттерди көрүү керек.