БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кечээтен бери өлкөдө 495 кишиден коронавирус аныкталса, 527 бейтап дартты жеңген. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 150;
- Ош шаары – 17;
- Чүй облусу – 78;
- Ош облусу – 52;
- Талас облусу – 23;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 37;
- Жалал-Абад облусу – 89;
- Баткен облусу – 44.
Министрлик: коронавирусту дарылоонун 5-протоколу даярдалууда
Айыккандар:
- Бишкек – 70;
- Ош шаары – 47;
- Чүй облусу – 65;
- Ош облусу – 66;
- Талас облусу – 9;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 33;
- Жалал-Абад облусу – 130;
- Баткен облусу – 100.
Жалпысынан алганда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 60 774кө жетти. Ал эми айыккан бейтаптар 51 815ти түзөт. Тилекке каршы, оорудан 1 163 киши көз жумган.
Пульмонолог: дарыгер айтмайынча компьютердик томография, рентгенге барбагыла!
Акыркы суткада 3 920 ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөнү айтылды. Медиктердин ичинен кечээтен бери жети ак халатчандан коронавирус табылган. Ошол эле маалда 13ү оорудан айыкты.