БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо” аянтындагы митингде жабыркагандардын бири дагы деле комадан чыга элек, абалы оор. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандардын ичинен ооруканада 10 бейтап калды.
"Митингчилер менен милициянын кагылышынан биздин ооруканага 600дөй адам кайрылган. Азыр алардын ичинен 10у калды. Бешөөнүн абалы оор, бирөө комадан дагы деле ойгоно элек. Дары-дармек акысыз берилип жатат. Кээ бири операция болду. Аларга да операциялар бекер жасалууда", — деди Жумабеков.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Эсенбек Жумалиевдин айтымында, Травматология борборунда жаткан 10 адамды кошкондо стационарларда жалпы 11 бейтап жатат.
"Улуттук госпиталда бир бейтап жатат. Калганы үйлөрүнө чыгарылды", — деди Жумалиев.
5-6-октябрда Бишкекте болгон митингден жабыркап, ооруканага жалпы 1 253 киши кайрылган.
Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта
Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.