БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн өткөн жыйынында белгилүү болду.
Маалыматта эл өкүлү өз ыктыяры менен мандатын тапшырууга арыз жазганы айтылат. БШКнын мүчөлөрү анын кайрылуусун канааттандырды.
Эльвира Сурабалдиева кезексиз жыйында сүйлөгөндө депутаттар чыга качты. Видео
Эльвира Сурабалдиева 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми быйылкы шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен катышкан.