Кайсы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга кирип-чыга алат? Тизме 

Коронавирус кайра күч ала баштагандыктан айрым мамлекеттер авиакаттамдардын санын кыскартып чектөө киргизе баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева кайсы өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилгенин айтты.

Тизмеге 33 мамлекет кирген. Бул өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга тоскоолдуксуз кирип-чыга алышат. Алар:

  • Россия;
  • Грузия;
  • Азербайжан;
  • Армения;
  • Беларусь;
  • Казакстан;
  • Түркмөнстан;
  • Бельгия;
  • Австрия;
  • Улуу Британия;
  • Германия;
  • Ирландия;
  • Исландия;
  • Италия;
  • Латвия;
  • Литва;
  • Лихтенштейн;
  • Люксембург;
  • Португалия;
  • Түркия;
  • Швейцария;
  • Швеция;
  • Катар;
  • БАЭ;
  • Кытай;
  • Малайзия;
  • Түштүк Корея;
  • Пакистан;
  • Словения;
  • Кувейт;
  • Япония;
  • Өзбекстан;
  • Венгрия.

Коронавирус кайра күч ала баштагандыктан айрым мамлекеттер авиакаттамдарынын санын кыскартып, чектөө киргизе баштады. Алсак, бүгүндөн тарта Кыргызстанга Казакстандан Алматы — Бишкек — Алматы ("Эйр Астана") маршруту менен жумасына эки жолу гана каттай баштайт.

Ал эми Россия чек арасын жапканы менен авиакаттамдарынын санын кайрадан кыскартууну пландаган жок.

Өкмөткө чек ара маселесин чечүү үчүн "Кытайга жүгүнүп баруу" сунушталды

Кээ бир мамлекеттер жарандар үчүн чек арасын таптакыр эле ача элек. Алардын бири Кытай мамлекети. Бул өлкөгө учуп баруу азыр мүмкүн эмес.