Жогорку сот Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовду актады

Мырзакматов 2014-жылдын ноябрында шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, издөө жарыяланган. 2015-жылдын июль айында жети жылга сыртынан кесилген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку сот Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун акталганын кабарлады.

Маалымат кызматы тараткан билдирүүдө кечээ, 19-октябрда, Жогорку сотто Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 15-октябрындагы, ошондой эле Ош облустук сотунун Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 16-октябрындагы өкүмдөрүнө карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун негизинде жазык иши каралган.

Натыйжада Жогорку соттун токтому менен Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык жана облустук сотунун өкүмдөрү күчүндө калтырылды. Ал эми Ош шаардык прокуратурасынын кассациялык сунушу канааттандырылган эмес.

Мелис Мырзакматов: президент мага телефон чалган. Видео

Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрында шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, издөө жарыяланган. Бирок бул убакта ал өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кийин 2015-жылдын июль айында жети жылга сыртынан кесилген.

Ошондон бери чет жакта жүрүп элдик толкундоолордон кийин, 7-октябрга караган түнү Ош шаарына учуп келген.