Өкмөт үйүнүн алдына кайрадан эл топтоло баштады. Сүрөт

Бүгүн ЖКнын депутаттары президенттин Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыгын жана жаңы премьер-министрдин талапкерлигин карашы күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бүгүн, 10-октябрда, өкмөт үйүнүн алдына кайрадан эл топтоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирип, сүрөттөрдү жиберди.

Кечээ Бишкекте эки ири митинг өтүп, ал Садыр Жапаров менен Атамбаев, Бабанов жана башка партиялардын тарапташтарынын кагылышы менен аяктады.

Анын кесепетинен бир нече адам жаракат алды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага кол салуу болуп, кагылыш учурунда аянттан чыгып бара жатканда автоунаасы аткылангандыгын айтты.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, куралдуу кагылышууларды басуу, мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин корголушун камсыз кылуу жана жарандарды коргоо үчүн аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөр киргизилди.

Бүгүн ЖКнын депутаттары президенттин Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыгын жана жаңы премьер-министрдин талапкерлигин карашы күтүлүүдө.

Өлкөдө учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.