БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоо босогосун азайтууну сунуштап жатат. Сунуштун текстин Facebook баракчасына БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев жүктөдү.
Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы боюнча өтпөй калган он эки партия билдирүүсүндө 7-октябрдан тарта добуш берүүнү мыйзамсыз деп табууну жана шайлоону кайра өткөрүүнү суранышкан.
БШК төрайымы Шайлдабекова отставкага кетер-кетпесин талкуулап жатат
БШК 6-ноябрга чейин шайлоону кайрадан уюштуруунун убактысын бекитүүгө укуктуу экендигин эске салган.
"Жарандардын кызыкчылыгын коргогон саясий күчтөрдүн парламенттеги өкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү зарыл. Шайлоодон кийинки кризис тобокелдигин азайтуу үчүн шайлоо күрөөсүн жана босогосун төмөндөтүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү керек", — деп айтылат чечимде.
Учурда ЖК депутаттарын шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомду түзөт. Ал эми шайлоо босогосу — 7 пайыз.