БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте кеч киргенине карабастан күндүз башталган митинг уланып жатат.
"Ала-Тоо" аянтына чогулган элдин саны үч миңден төрт миңге чейин жетиши мүмкүн. Партия лидерлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат.
Милиция азырынча акцияга каршылык көрсөткөн жок. Бирок Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун алдына Ички иштер министрлигинин атайын техникасы алып келинди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы митингдин асмандан көрүнүшүн дрон менен тартып алды.
Өкмөт үйүнүн жанындагы скверге спецназ келип түштү. Видео
Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга, "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстанга" тийген. Мындан улам утулган партиялар шайлоонун таза өткөнүнө күмөн санап, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында митингге чыгышты.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.