Президенттикке талапкер болгон полковник. Улукбек Кочкоров жөнүндө 8 факты

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо жараяны аяктап, алгачкы жыйынтыктар белгилүү болду. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодо өтүп кеткен партиялардын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Sputnik

Бул ирет "Биримдик" саясий партиясынын тизмесиндеги экинчи катарда турган белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Улукбек Кочкоров жөнүндө сөз болот.

Тамеки, өрүк терип өткөн балалык. Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. Атасы айыл чарба инженери болуп эмгектенген, азыр пенсияда. Энеси болсо эсепчи болуп иштеген. Бала кезинде айылда тамеки, өрүк терип чоңойгон, үйдө алты бир туугандын улуусу. Мектепте окуп жүргөндө мугалим, кийин дарыгер болууну эңсеген.

Экономист, укук таануучу. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, финансы жана кредит бөлүмүн 1995-жылы бүтүрүп, эмгек жолун КРдин Финансы жана экономика министрлигинде баштаган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Укук таануу" адистиги боюнча билим алган.

Президенттикке талапкер болгон полковник. Улукбек Кочкоров жөнүндө 8 факты

УКМКнын полковниги. Эки жылдан соң КРдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жогорку курсунан даярдоодон өтүп, улуттук коопсуздук органдарына жумушка орношкон. Ал жакта Кочкоров УКМКда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барган. Аталган тармакта 13 жыл иштеп, катардагы кызматкерден баштап, башкармалык жетекчилигине чейин жетип, полковник наамына ээ болгон.

Ишсиз калып ишкер болгон. 2009-2010-жылдары Салык жана салык чогултуу боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы кызматын аркалап жүрүп ортодо жумушсуз калган. Ошондо бир нече ай жеке ишкерлик менен алектенген.

37 жашында эл өкүлү. 2011-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого аттанып, 37 жашында V чакырылышка депутат болуп шайланган. Парламентте экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жетекчисинин орун басары болуп, мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси болгонго жетишкен.

Президенттикке талапкер болгон полковник. Улукбек Кочкоров жөнүндө 8 факты

Президенттик үчүн ат салышып... Кочкоров 2017-жылкы президенттик шайлоого ат салышып, талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн. Анда ал 11 талапкердин ичинен алтынчы сапка илинип, 8 498 добуш топтогон.

Министрликте бош орун көп, жаштарды жумушка чакырам! Улукбек Кочкоров менен маек

Министр болуу шыбагасы буюруп... 2018-жылдын күзүндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде бир топ ызы-чуу иштер болуп, министр Таалайкүл Исакунова баш болгон анын үч орун басары кызматтан кетет. Көп өтпөй өкмөт бул кызматты Кочкоровго сунуштап, ноябрь айында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Аталган кызматты эки жылга жакын убакыттан бери аркалап келе жаткан Улукбек Кочкоров кызматтык ыйгарым укуктарын үстүбүздөгү жылдын 25-августунда токтотуп, "Биримдик" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган.

Президенттикке талапкер болгон полковник. Улукбек Кочкоров жөнүндө 8 факты

Алты баланын атасы. Улукбек Кочкоровдун төрт уул, эки кызы бар. Келинчеги Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыгер болуп эмгектенет. Министр бош убактысын балдары менен паркка же кинотеатрга барып өткөрөт. Ошондой эле лыжа тээп, жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрөрүн айткан. Балдары менен кечкисин бир же эки саат "үй-бүлөлүк саат" өткөрүп, шахмат, шашки ойноп, чакан чемпионат уюштура калышат экен. 46 жаштагы мамлекеттик жана саясий ишмер футбол, волейбол менен машыгат.