Россияда мигрант болгон. Төрөбай Зулпукаров жөнүндө 6 факты

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо жараяны аяктап, парламентке эл өкүлү болуп келе тургандардын айрымдарынын ысымы белгилүү болду.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодо жеңген партиялардын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Бул жолу "Биримдик" партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп турган белгилүү саясий ишмер Төрөбай Зулпукаров жөнүндө кеп болот.

Россияда мигрант болгон. Төрөбай Зулпукаров жөнүндө 6 факты

Төраганын ысымы ыйгарылган.Төрөбай Зулпукаров 1974-жылы 19–январда Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы милиционер болуп иштесе, энеси колхоздо эмгектенген. Ал төрөлгөндө ата-энеси жакшылыктан үмүт кылып Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунда 33 жыл төрага болгон Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгарган. Кичинекей Төрөбай төрөлгөндө Кулатов Ноокатка иш сапары менен барган экен.

Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме

Эмгек жолун ИИМден баштаган. Мектепти аяктаганда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы бөлүмүндө кызмат өтөп, эмгек жолун Ички иштер министрлигинин дене тарбиялык даярдык боюнча инструктору болуп баштаган. Ал жакта үч жылдай эмгектенген.

Россияда мигрант болгон. Төрөбай Зулпукаров жөнүндө 6 факты

Россиядагы мигрант. Бишкекте жаңы үйлөнгөн ИИМ кызматкери айлыгы аз болуп кыйналгандыктан жумушун таштап, 1998-жылы Россияга иштегени кеткен. Бөтөн жерде ал алгач соода-сатык менен алектенип, кийин ишкерликке ыктаган.

Тарыхчы, юрист. 26 жашында Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Кийин Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүрүп, экинчи адистикке ээ болгон.

"Биримдик" партиясынын тизмесине кимдер кирди? Аты-жөнү, кызматы

Россияда мигрант болгон. Төрөбай Зулпукаров жөнүндө 6 факты

Ишкерликтен парламентке. Запастагы полковник 12 жылдай (1998-2010) жеке ишкерлик менен алектенип, 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2012-2015-жылдар аралыгында ЖК төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеӊешчиси 2015-жылы кайра ошол эле саясий партиядан Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп келген.

Төрт баланын атасы. Белгилүү саясатчы учурда келинчеги менен эки уул, эки кызын тарбиялап келет. Бош убактысында спорт менен алектенет. Ал спорттун кармашып урушуу (рукопашный бой) түрү боюнча чебери, 2-дан кара курдун ээси.