Министр Айдарбеков чет жактагы кыргызстандыктар качан добуш берип бүтөрүн айтты

Быйыл чет өлкөлөрдө шайлоочулардын саны 32 602ге жетти. Алар 40тан ашык шайлоо участкасында добуш бере алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын эң акыркысы АКШнын Вашингтон шаарындагы элчиликте добуш беришет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго шилтеме берип ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Добуш берүү Вашингтонтогу элчиликтин участкасында жыйынтыкталат (Вашингтон менен Бишкектин убакыт айырмасы 10 саат — ред.) Бишкектеги эртең мененки саат 9:00гө карата чет өлкөлөрдө 535 адам добуш берди. Биз жарандардын шайлоого толук катышуусун күтөбүз", — деди Айдарбеков.

Анын айтымында, быйыл чет өлкөлөрдө шайлоочулардын саны 32 602ге жетти. Биринчи жолу добуш берүү шайлоо участогу Россиянын Түштүк Сахалин шаарында ачылды.

2020-жылкы парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат?

Бардык дипломатиялык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптары сакталып жатканы кошумчаланды.

Бүгүн, 4-октябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат.