Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди

Адис май ден соолук үчүн маанилүү роль ойной турганын белгилеп, майы кетирилген сүт азыктарын алуу таптакыр эле пайдасы жок экендигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Туура тамактануу үчүн колдонгон азыктардын көбүнүн организмге пайдасы жок. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог-нутрициолог Арина Скоромная айтып берди. 

Анын пикиринде, майлары кетирилген сүт азыктары ден соолукка оң таасирин тийгизбейт.

"Адамга май керек. Ал жок кальций сиңбейт. Ошондуктан майы кетирилген сүт азыктарынын дээрлик пайдасы жок десек болот. Изилдөөлөр боюнча мындай азыктар зат алмашууну кыйындатат", — деген Арина Скоромная.

Ошондой эле эртең менен эрте жемиштерден сыгылган ширени ичпей эле коюуну сунуштаган. Себеби кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп кетет.

Чөнтөккө да күч келбейт, ден соолукка да пайдалуу. Диетолог 7 азыкты санады

Диетолог мүнөздөп тамак ичип жаткандарга арналып чыгарылган азыктарды дагы байкап алууга кеңеш берген. Маселен, фитнес-батондордун курамына жана чыгарган ишканага көңүл буруу керек. Адатта пайдалуу делген азыктардын көбүндө кант болот.