Жатак абагындагы Икрамжан Илмиянов ооруканага түштү

Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абагында болчу, 16-сентябрда кардиология бөлүмүнө жаткырылганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттин аппарат жетекчисинин экс-орун басары Икрамжан Илмиянов ооруканага түштү. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматта Илмиянов 16-сентябрь күнү Улуттук госпиталдын кардиология бөлүмүнө жаткырылганы айтылат. Анын гипертониялык оорусу бар экени кабарланды.

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

Икрамжан Илмиянов чет элдик компаниянын ишин токтотуп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп айыпталган. Аны былтыр Октябрь райондук соту мал-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан.

Ушул жылдын 19-июнунда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, жазасын беш жыл алты айга чейин кыскарткан. Ошондой эле Илмиянов 10 миллион 397 миң 235 сом өлчөмүндө салынган айып пулдан кутулган.

Мындан сырткары, ага мунапыс берилип, жаза өтөө мөөнөтү 8 ай 20 күнгө кыскартылган. Натыйжада Молдовановка айылындагы № 26 жатак абагына которуу чечими кабыл алынган.