ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

Кызматтык иттер оор кылмыштардын бетин ачууда, жашыруун заттарды табууда жана массалык иш-чараларды коомдук коопсуздукту сактоого тартылышат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлиги өзүнүн карамагындагы "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кинология борборунун иши тууралуу кенен айтып берди.

Министрликтин билдиришинче, кинологдор кызматтык иттерди оор кылмыштардын бетин ачууда, шектүүлөрдү, курал-жарактарды, жарылуучу заттарды, баңгизаттарды табууда жана массалык иш-чара, митинг, акцияларда коомдук коопсуздукту сактоо максатында тартылышат.

Иттер ыкчам аракеттерге колдонулгандыктан ИИМдин спецназы — "Шумкар" атайын багыттагы полкунун карамагына мындан төрт жыл мурда өткөрүлүп берилген.

"Альфа","Шумкар", "Скорпион".... Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян

Кинология борборунун жетекчиси, милициянын полковниги Сергей Брюзгин айрым кызыктуу учурларга токтолгон.

"Иттерди тандап алууда түрдүү критерийлер боюнча сынайбыз. Алардын саламаттыгына мал доктурлар көзөмөл жүргүзүп турат. Күн сайын кинологдор иттер менен машыгууларды өткөрүп, издөө, кармоо жөндөмдөрүн кайталап, дагы башка ыкмаларды өздөштүрүп турушат", — деген Брюзгин.

Маалыматта айтылгандай, кинология борбору 1972-жылы ачылгандан бери далай иштин бети ачылып, кылмышкерлер колго түшкөн.

"Эгер соңку жылдагы ишибизге токтоло кетсек, 2017-жылы кинологдор кылмышкерден 6 килограмм 640 граммдан ашык баңгизатын тапкан, 2018-жылы болсо ири суммадагы акча менен зергер буюмдарын уурдагандарды, ошондой эле кеңсени тоноп, чоң суммадагы акчаны чыгарып кеткендерди табууга көмөктөшкөн. Ушул сыяктуу иштерди аткарууда кызматтык иттердин салымы чоң", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле акыркы жылдары атайын операцияларды жүргүзүүдө иттердин арасында жоготуулар болбогону кошумчаланды. Кайгылуу окуя 80-жылдардын аягында катталган. Тагыраагы, кызматтык ит кылмышкерди кармап, барымтага алынган адамды бошотуу учурунда өзү жаракат алып өлгөн.

Министрлик кинологдун иши жоопкерчиликтүү жана татаал, ал эми кызматтык ит ал үчүн эң ишенимдүү дос экендигин белгиледи.