65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды

Космосбек Чолпонбаев элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Мындан эки күн мурда кармалган Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаевду бүгүн Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагына киргизүү боюнча чечим чыгарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын 15-ноябрга чейин тергөө абагында болору айтылды.

"Чолпонбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон. Көзөмөл органынын сунушу менен Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, Бишкек шаарындагы тергөө абагына эки айга киргизүүнү чечти", - деп айтылган маалыматта.

Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү

Эске салсак, 15-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Ушул жана шалаакылык беренеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү дагы шектелип жатат.