Альпинисттер Ат-Башыдагы Жел-Тегирмен чокусун багындырышты. Сүрөттөр

Чокуну багынткан топтун курамына Канатбек Арпачиев менен кошо альпинисттер Михаил Даничкин жана Гиден Мухаммет кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Канатбек Арпачиев Ат-Башы тоо кыркасында жайгашкан Жел-Тегирмен чокусун багындырды. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Жел-Тегирмен чокусу Ат-Башы тоо кыркасынын Орто-Кайыңды жана Боскурбу капчыгайларынын ортосунда, деңиз деңгээлинен 4 600 метр бийиктикте жайгашкан эң бийик чоку болуп саналат.

Кыргызстандык триатлет үйүндө 5 саат чуркап, медиктерге жарым миллион чогултту

"Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер тобу 30-августта Ат-Башы тоо кыркасынын деңиз деңгээлинен 4 600 метр бийиктикте жайгашкан эң бийик Жел-Тегирмен чокусуна чыгышты. Бул окуя Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына арналды", — деп айтылат билдирүүдө.

Чокуга чыгуу иш-чарасына Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин башчысы Азамат Мурзалиев көмөк көрсөткөн.

Чокуну багынткан топтун курамына Арпачиев менен кошо альпинисттер Михаил Даничкин жана Гиден Мухаммет кирген.