Миң боз үй, колдоп чыккан БУУ... Таласта өткөн "Манас-1000" салтанаты сүрөттөрдө

Sputnik

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө демилгесин Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары көтөрүп чыгып, аны ошол кездеги президент Аскар Акаев колдоого алган. Алгачкы даярдыктар 1992-жылы башталып, атайын мамлекеттик дирекция түзүлүп, аракеттер үч жылга созулган. Уюштуруу иштеринин башында кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү туруп, маараке өткөн жылды (1995-жыл) өлкө башчысы "Манас" эпосунун жылы деп жарыялаган. Аны Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО өңдүү бир катар эл аралык уюмдар колдоого алган.

Салтанат беш күнгө уланып Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү келген. Программада спорттук оюндар, бир топ маданий иш-чара, көргөзмөлөр болуп, кыргыз эли чет элдиктерге меймандостугун көргөзгөн.

Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү

Ошондой эле Бишкек шаарында "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда "Манас-Ордо" тарыхый-маданий жайы курулган.

Карапайым эл Талас облусундагы "Манас" айылына миңден ашык ак боз үй тигип, сегиз, он эки канат жана үч кабаттуу боз үйлөр көпчүлүктүн назарына сунушталган. 30-августтагы иш-чараны жыйынтыктоочу бөлүгүнө миңдеген маданият кызматкерлери катышып, ага оң миңдеген көрүүчү күбө болгон.

Улуттук эпостун 1000 жылдыгын өткөрүүдөгү кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

1 / 13
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгы 1995-жылы 25-августтан 30-августка чейин өткөн
2 / 13
Салтанатка 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан
3 / 13
Миңдеген маданият кызматкерлери Талас облусуна чогулган
4 / 13
Карапайым эл миң ак боз үй тигип, жергиликтүү тургундар чет элдиктерди тосуп турушкан
5 / 13
Ачык асман алдында, ээн талаада театралдаштырылган программага каскадер, актер, студенттер, таластык тургундар катышкан
6 / 13
Ат жалында ойногон кыргыз жигиттерин белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов жетектеген
7 / 13
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, драматург Бексултан Жакиев жана улуу манасчы Жусуп Мамай Талас жергесинде
8 / 13
Мааракени уюштурууга жергиликтүү тургундар да жигердүү катышкан
9 / 13
Асманга көтөрүлгөн түндүк, дүйнө элдеринин желектери. Кароол чокунун жанындагы театралдаштырылган программа
10 / 13
Боз үйлөр сынагында баш байгеге ээ болгон үч кабаттуу өргөө. Азыр ал Ош шаарындагы "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде тигилип турат.
11 / 13
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө үчүн атайын кийим-кечелер тигилген. Ат үстүндөгү жоокер белгилүү актер Догдурбек Кыдыралиев.
12 / 13
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата белгилүү режиссер Мелис Убукеев "Манастын ааламы" тасмасын тарткан. Сүрөттө КРдин эл артисттери, режиссёрлор Тынай Ибрагимов, Мелис Убукеев жана залкар актёр Болот Бейшеналиев.
13 / 13
Иш-чаранын алкагында республика боюнча бир катар курулуш иштери жүргүзүлгөн. Алардын бири Таластагы "Манас" музейи.