Жогорку Кеңешке жаңы үч депутат келип, экөө мандатынан ажыратылды

ЖК депутаттарынын ыйгарым укуктары 3-сентябрда токтотулуп, шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу менен "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов мандатынан ажыратылды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Эки эл өкүлү тең мандатын тапшыруу тууралуу өз ыктыяры менен арыз жазган.

Ошол эле учурда кайра алардын ордуна мандат тизмедеги кийинки талапкерлерге берилген. Буга чейин кызматтан кеткен "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын өкүлү Зиядин Жамалдинов да кызматын тапшырганын эске алсак, партиянын тизмеси менен Нурлан Сырдыбаев жана Осмон Турдумамбетов Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди.

Шайлоо алдында партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар

Ал эми "Кыргызстандан" Мээримбек Койчуманов БШКдан депутаттык мандат алды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктары 3-сентябрда токтотулуп, шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталат.