Шайлоодон дагы эки партия сүрүлүп, бири кылдын учунда турат

БШКнын маалыматына караганда, шайлоого катышууну каалаган партиялар бүгүн кем-карчысын толуктап бүтүшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Парламенттик шайлоодон эки партия өз эрки менен баш тартып, дагы бири четтетүү алдында турганын Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

"Нур" жана "Тартип-Порядок" партиялары өз каалоосу менен шайлоодон четтетилди. Ал эми "Актив" саясий партиясы 5 миллион сомдук күрөөсүн төлөбөгөндүгү үчүн шайлоого катышуу укугунан ажыраганы турат. Бирок шайлоо комиссиясы расмий чечим кабыл ала элек", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Шайлоого катышып жаткан партияларга ким канча акча бере алат. Тизме

Буга чейин "Кыргызстан" партиясы шайлоого катышуу укугунан ажыраган болчу. Учурда жогоруда аталган үч партияны кошкондо тизмеде 17 партия бар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда болот. Ага чейин кандай этаптардан өтүү талап кылынып, шайлоодон кийинки кадамдар тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымдамасынан окуңуздар.