Кыргызстанда жаңы ачыла турган ооруканаларга 243 млн сомдук жабдуу керектелет

Ысык-Көл жана Талас облустарында ачыла турган жугуштуу илдеттер ооруканаларына жабдуу жергиликтүү бюджеттен алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы ачыла турган ооруканаларга 243 миллион сомдук жабдуу алуу талап кылынат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги курулуп жаткан, кайра профилдештирилген жана оңдоло турган ооруканаларга керектелчү жабдыктардын баасын эсептеп чыккан.

Натыйжада медициналык жабдыктарды алууга 230 миллион сом, медициналык эмес жабдуулар үчүн 13 миллион сом талап кылынары айкын болгон.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

Штаб Ысык-Көл жана Талас облустарындагы кайра профилдештирилген жугуштуу илдеттер ооруканаларына медициналык жабдууларды жана эмеректерди алууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөрүн белгилейт.