БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. "Семетей" обсервациясынын аймагында лабораториялык кызматты уюштуруу боюнча даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.
Эске салсак, россиялык адистер буга чейин Боронов менен жолукканда мурдагы "Ганси" базасындагы "Семетей" обсервациясын лабораториялык жана дартты аныктоо кызматтары менен камсыз кылууну сунуштап, лабораториядагы кадрдык курамды күчтөндүрүү керектигин белгилешкен.
"Россиялык дарыгерлер делегациясынын сунуштамаларына ылайык ишти баштадык", — деди Боронов.
Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат
Белгилей кетсек, "Семетей" алгач чет элден келген жарандарды обсервациялоо жайы катары ачылган. Кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуганда ал стационарга айланган.